КМШ оюндары: Нурзат Нуртаева алтын медаль тагынды

 КМШ оюндары: Нурзат Нуртаева алтын медаль тагынды

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы 3 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы Беларус Республикасынын Солигорск шаарында КМШ оюндарынын алкагында өтүп жаткан мелдеште 3 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңди.

82 кг чейинки салмакта катышкан Нурзат Нуртаева алтын медаль тагынды.

Ошондой эле 62 кг чейинки салмак категориясында Дилназ Сазанова күмүш медалга ээ болду. Ал эми 59 кг чейинки салмакта Бермет Нуридин кызы коло медаль тагынды.

Курама команда машыктыруучу Азамат Рыскулбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Связанный пост