Кепилдик фонду Дүйнөлүк банк долбоорунун алкагында бизнеске 1,5 млрд сом колдоо көрсөттү

 Кепилдик фонду Дүйнөлүк банк долбоорунун алкагында бизнеске 1,5 млрд сом колдоо көрсөттү
2022-жылдын башынан бери жана ушул жылдын 13-ноябрына карата «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» Долбоорунун №2 «Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми» (ПТБМ) компонентинин алкагында Кепилдик фонду ишкерлерге 1,5 млрд сомдон ашык суммага 4160 портфелдик кепилдиктерди берген. Өнөктөш банктар тарабынан ишкерлерге 3,2 миллиард сомдон ашык насыя берилди.
Бүгүнкү күнгө чейин ПТБМдин алкагында Кепилдик фонд өнөктөш банктар менен кызматташуу боюнча алты келишимге кол койгон. Келишимдер Кепилдик фонду тарабынан портфелдик кредиттик кепилдикти берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоого багытталган.
Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми финансы-кредиттик мекемелерге кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет жана кредиттик процедураларды жумшартат.
Дүйнөлүк банктын долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Кепилдик фонду» ААКсы менен биргеликте ишке ашырылууда, ал аталган долбоордун алкагында агент катары чыгып, бизнес өкүлдөрүнө портфелдик кепилдиктерди берет.

Связанный пост