Кепилдик фонду: 10 айда айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2,7 млрд сом насыя берилди
Быйыл болгону 10 айдын ичинде Кепилдик фонду тарабынан 909 миллион сомдон ашык суммага 2 миң 438 кепилдик берилген, бул айыл чарба тармагындагы ишканаларга 2,65 миллиард сомдук кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылган.
2020-жылдан 2023-жылдын 31-октябрына чейинки мезгилде айыл чарбасын колдоого багытталган кепилдиктердин саны жана көлөмү жана кредиттердин көлөмү боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
🔹 2020-жылы Кепилдик фонду тарабынан айыл чарба тармагында иштеген ишкерлерге 221,2 млн сом суммасында 307 кепилдик берилип, 666 млн сомдон ашык суммада кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
🔹 2021-жылы 1,1 млрд сомдон ашык кредиттерди камсыз кылуу үчүн 344 млн сом суммасында 350 кепилдик колдоо көрсөтүлгөн.
🔹 2022-жылы ишкерлер 743,9 млн сомдук 529 кепилдик аркылуу 2,3 млрд сомдон ашык суммада кредит ала алышты.