Кепилдик фонд аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 3,1 млрд сомдон ашык каражат бөлдү

 Кепилдик фонд аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 3,1 млрд сомдон ашык каражат бөлдү

Business woman working in office on computer

Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кепилдик фонду тарабынан аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 1088 кепилдик берилген.

Фонддон маалымдашкандай, бул бардык берилген кепилдиктердин 40%ын түзөт. Аталган мезгил аралыгында аялдардын бизнесин колдоо үчүн берилген кепилдиктердин көлөмү 868 млн сомдон ашыкты түздү.

“Кепилдик фонд” ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө кепилдиктердин үчтөн биринен ашыгы – бизнести колдоого багытталган кепилдиктердин жалпы санынын 38%ы берилген. Жалпысынан “Кепилдик фонд” ААКсы аял ишкерлерди колдоо үчүн 3 миллиард 166 миллион сом суммасында 4071 кепилдик берген.

“Кепилдик фонд” ААКтын колдоосун пайдаланган аялдар өлкөнүн бардык аймактарынын өкүлдөрү, алар ар кандай тармактарда эмгектенишет.

Связанный пост