Казакстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман Айт майрамы менен куттуктады

 Казакстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман Айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман Айт майрамы менен куттуктады.

 

«Чын жүрөктөн Сизди жана Кыргызстандын элин ислам үммөтүнүн улуу майрамы – ыйык Курман Айт майрамы менен куттуктаймын.

 

Бул ыйык майрам кайрымдуулук, адеп-ахлактык жана боорукердик баалуулуктарынын болуп көрбөгөндөй чагылдырылышы катары мусулмандардын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт.

 

Ошол эле учурда бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн кубанычтуу күндө биздин бүтүндүгүбүз, биримдигибиз бекемделе берсин.

 

Учурдан пайдаланып, урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге бакыт-таалай, жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Курман айт кут болсун», – деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост