Казакстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 Казакстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Казакстандыктардын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана мекендештериңизди Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Мээримдүүлүк жана боорукердик, ыймандуулук жана адептүүлүк сыяктуу асыл сапаттарды даңазалаган бул улуу майрам боордош элдерибиздин ыйманын жана бакубаттуулугун арттырсын”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго иштерине ийгилик жана Кыргызстандын ар бир үйүнө бакубатчылык каалады.

Связанный пост