Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 21-августта, Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Казакстандын лидерин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилген.

Улуттук кийимчен кыздар Касым-Жомарт Токаев менен саламдашып, ага гүл жана боорсок менен бал сунушту.

Мамлекет башчылары үчүн кыргыз жана казак музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулган.

Жогорку даражалуу мейманды ошондой эле кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган улуттук каада-салттарга ылайык тосуп алышты.

Связанный пост