Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Связанный пост