Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстанга келди

 Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстанга келди

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргыз Республикасына келди.

 

“Манас” эл аралык аэропортунан Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаиловду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

 

Белгилей кетсек, Алихан Смаилов үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Связанный пост