Казакстандын Премьер-министри Акылбек Жапаровду жана кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады

 Казакстандын Премьер-министри Акылбек Жапаровду жана кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин мусулмандардын ыйык майрамы – Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Боорукердик, мээримдүүлүк, адамгерчилик жана камкордук сыяктуу баалуулуктарга багытталган бул майрам бүткүл мусулман эли үчүн өзгөчө мааниге ээ. Курман айт майрамы биздин өлкөлөр ортосундагы руханий баалуулуктарды, достукту жана кызматташтыкты мындан ары дагы чыңдайт деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост