Казакстан Кыргызстанга 5 тепловозду акысыз берди

Казакстан Кыргызстанга 5 тепловозду акысыз өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Нооруз майрамынын алдында казак боордошторубуздун белегин кабыл алдык. Президентибиз Садыр Жапаровдун эл аралык мамилени жаңы деңгээлге көтөргөнү, тышкы саясатты жолго коюп, кошуна боордош элдер менен жылуу мамиле куруу саясатынын алкагында бир топ ийгиликтер болуп жатат.
2024-жылдын декабрында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында жетишилген келишимдин негизинде Казакстан Кыргызстанга 5 тепловозду акысыз өткөрүп берди”, – деп жазды ал.
Орунбеков белгилегендей, тепловоздор “Кыргыз темир жолу” ишканасына балансына өттү. Алардын экөө магистралдык, үчөө маневрдик тепловоз болуп, жүк жана жүргүнчү ташууда, ошондой эле бекеттердеги кыймылды уюштурууда колдонулат.