Катуу сууктан улам Кыргызстанда мектептер эки күнгө онлайн окууга өттү
Кыргызстандагы мектептер 13-14-декабрь күндөрү онлайн окууга өттү, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлиги.
Мындай чара катуу суук аба ырайына байланыштуу. Кыргызгидромет борбору бүгүн-эртең өлкө аймагында аба ырайы кескин төмөндөшү күтүлөрүн эскерткен. Айрым өрөөндөрдө термометрдин көрсөткүчү -35 градуска чейин төмөндөйт.