Касымалиев Ташкенттеги Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo Uzbekistan — CAEx) барды.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган кыргыз делегациясын Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин, Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин жетекчилери тосуп алышып, борбордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

CAEx эл аралык көргөзмө борбору — Борбор Азиядагы эң ири жана заманбап көргөзмө аянтчаларынын бири. Ал Көргөзмө индустриясынын дүйнөлүк ассоциациясынын (UFI) жана Эл аралык көргөзмөлөр жана иш-чаралар ассоциациясынын (IAEE) мүчөсү.

Эл аралык стандарттарга жооп берген ири хаб жана жалпы аянты 40 миңден ашун чарчы метрди ээлеген бизнес аянтчада — айыл чарба, кайра иштетүү, химиялык, электротехникалык жана жеңил өнөр жай, геология, машина куроо, энергетика, жасалма интеллект жана маалыматтык технологиялар сыяктуу 9 багыттагы көргөзмө залы менен менен таанышты.

CAEx эл аралык көргөзмө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышуунун максаты адамдарды, идеяларды жана технологияларды бириктирүү үчүн инновациялык жана шыктандыруучу платформаны түзүү. Креативдүү жана чыгармачыл коомчулуктар кезиккен аянтча искусство, маданият, илим жана бизнестеги көп түрдүүлүктү колдоо үчүн Борбор Азиядагы B2B форматындагы жолугушууларга ыңгайлашкан.

Связанный пост