Касымалиев “Oppenheimer Europe” жетекчилиги менен
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Oppenheimer Europe” инвестициялык банктын капитал рыноктору боюнча тобунун тең жетекчиси Константин Деркачев менен жолукту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар конструктивдүү диалогго умтуларын ырасташты жана эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө ниетин билдиришти. Сүйлөшүүнүн бири өткөн аптада “Элдик Банк” ААКнын жалпы суммасы 500 млн долларды түзгөн дебюттук еврооблигацияларын ийгиликтүү жайгаштыруу маселеси болду. Бул эл аралык аренага чыгууда тарыхый кадам, дүйнөлүк инвесторлор үчүн күчтүү сигнал жана Кыргызстандын каржы системасына болгон ишенимди ырастаганы белгиленди.
Адылбек Касымалиев ошондой эле республиканын суверендүү кредиттик рейтингин андан ары жакшыртуу боюнча системалуу аракеттердин стратегиялык маанисин белгиледи.
“Экономикалык өсүштүн учурдагы темптери, жүргүзүлүп жаткан түзүмдүк жана институционалдык реформалар, макроэкономикалык туруктуулукту чыңдоо дүйнөлүк рейтингдерде биздин позициябызды ырааттуу жакшыртуу үчүн бекем негиз түзүүдө. Буга байланыштуу алдыңкы эл аралык рейтинг агенттиктери жана каржы институттары менен өз ара аракеттенүү боюнча активдүү стратегияны иштеп чыгуу зарыл”, – деди МинКаб Төрагасы.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө бул максатка жетүү үчүн бардык мамлекеттик органдардын жана түзүмдөрдүн максималдуу натыйжалуу, координацияланган жана кесипкөй ишин камсыз кылуу зарылчылыгы белгиленди.
Жолугушуунун соңунда тараптар атамекендик компанияларды эл аралык капитал рынокторуна алып чыгууга жана инвестиция тартуу механизмдерин андан ары өркүндөтүүгө багытталган кызматташууну ырааттуу тереңдетүүгө өз ара ниетин ырасташты.
Жыйынтыгында Oppenheimer Europe инвестициялык банкын өкмөттүк эксклюзивдүү консультант катары тартуу боюнча келишимге кол коюлду. Документ Кыргыз Республикасынын эл аралык финансылык институттар жана банктар менен мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн институционалдык негизин түзөт, негизги институционалдык инвесторлор менен туруктуу өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө, тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча аракеттерди активдештирүүгө багытталган. Жетишилген макулдашуулардын алкагында өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун бекемдөөгө жана дүйнөлүк деңгээлде улуттук долбоорлорду системалуу жылдырууну камсыздоого багытталган дүйнөнүн алдыңкы каржы борборлорунда инвестициялык форумдарды жана роуд-шоуларды уюштурууга жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.