Касымалиев Бүргөндү магистралдык каналын оңдоо иштери менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Баткен облусундагы жумуш сапарынын алкагында Бүргөндү магистралдык каналынын оңдоп түзөө иштеринин абалын көрүп, “Охна” Чакан ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Алгач МинКаб башчысы Кадамжай районунда жайгашкан Бүргөндү магистралдык каналына барды. Оңдоп түзөөдөн кийин башкы суу алуучу курулманын жана Бүргөндү магистралдык каналынын баштапкы бөлүгүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 18 м³/секундадан 30 м³/секундага чейин көбөйтүү каралган. Долбоордун көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу долбоор үч лотко бөлүнгөн.

Андан соң МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы Охна ГЭСинин курулушун көрүп чыкты. Долбоордун сметалык баасы 30,0 млн АКШ долларын түзүп, ГЭСтин кубаттуулугу 22 МВт.

Адылбек Касымалиев аталган обьектилердеги курулуш иштерин убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Связанный пост