Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш майрамы менен куттуктады

 Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады.

“Ушул ыйык күнү биз фронттун жоокерлерине жана ооруктагы эмгекчилерге алардын теңдешсиз баатырдыгы жана жан аябас эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирип, таазим этебиз.

Өлкөлөрүбүздүн элдери кайраттуулукту, бекем эркти жана биримдикти көрсөтүп, жалпы Жеңишке зор салым кошушкан.

Кыйын сыноолордо бекемделген элдерибиздин ынтымагы жана достугу Казакстан менен Кыргызстандын көп кырдуу кызматташтык мамилелерин мындан ары да чыңдоого бекем негиз болуп берет деп ишенем.

Согуштун ардагерлерине жана ооруктагы эмгекчилерге чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык сөздөрүмдү, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү кааларымды жеткирүүңүздү өтүнөм”, – деп айтылат телеграммада.

Связанный пост