Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.
“Исламды жакшылыктын, жаратмандыктын жана гармониянын дини катары даңазалаган Курман айт – мусулман коомчулугун тынчтыкка жана ынтымакка, өз ара түшүнүшүүгө жана биримдикке чакырган улуу майрам. Бүткүл ислам үммөтү үчүн кубанычтуу бул майрамда биздин руханий биримдигибиз жана ынтымагыбыз бекемделсин.
Сизге зор бакыт, мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.
Ыйык Курман айт береке алып келсин!”, – деп айтылат телеграммада.