Картошка, каймак май жана сабиз арзандады

20-майга карата Кыргызстанда жана Россия менен Казакстандагы азык-түлүк азыктарынын баасына салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мониторинг нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы сыяктуу негизги азык-түлүктөрдү камтыды.

Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда айрым азык-түлүк товарларынын баасы жогорулаганы аныкталды.

Тактап айтканда, пияз 2,3%, уй эти 1,3%, кой эти 1,1%, жумуртка 0,8%, макарон азыктары 0,5%, кумшекер 0,4%, жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну 0,2%, күрүч 0,2% жана импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 0,1%га кымбаттаган.

Ошол эле учурда картошка 2,2%, каймак май 1,3% жана сабиз 0,2%га арзандаганы байкалган.

Казакстанда күрүч 1,6%, 1-сорттогу ундан жасалган нан 1,1%, каймак май 0,7%, өсүмдүк майы 0,6% жана макарон азыктары 0,5%га кымбаттаган.

Ал эми жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну 2,1%, айрым макарон түрлөрү 1,6%, кумшекер 0,4%, сабиз 0,3%, уй эти, сүт, картошка, пияз жана жумуртка 0,1–0,2%га төмөндөгөн.

Россияда болсо пияз 2,1%, сабиз 1,8%, кой эти 1,7%, картошка 1,5%, вермишель 1,3%, кумшекер 1,3%, уй эти 1,3%, өсүмдүк майы 1,2%, буудай уну 1,2%, сүт 1,1%, каймак май 1%, күрүч 0,8% жана жумуртка 0,2%га кымбаттаганы белгиленди.

Связанный пост