Каркыра жайлоосунда жайлоо бала бакчалары уюштурулду

Түп районунун Каркыра жайлоосунун Чар-Кудук жана Чоң-Сары Кыр аймагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жайлоо бала бакчалары түзүлүп, 27-июндан баштап ишин баштады.

Бала бакчалардын ачылыш иш-чарасына Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун директору Догдургүл Кендирбаева жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Учурда Чар-Кудук жайлоосунда 30 бала жайлоо бала бакчасына кабыл алынып, тарбияланып жатса, Чоң-Сары Кыр жайлоосунда 28 бала тарбияланууда.

Связанный пост