Караколдо топурактын көрсөткүчүн аныктоочу лаборатория ачылды

 Караколдо топурактын көрсөткүчүн аныктоочу лаборатория ачылды
Бүгүн, 19-январда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин Ысык-Көл аймактык филиалынын оңдоп түзөөдөн өткөн имаратынын, андагы топурак анализин чыгарган жаңы лабораториянын жана уюштурулган агрохаб окуу борборунун ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары М. Раматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Абдыкадыров, Корея Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Чжэ, Европа Бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн программалык менеджери Стефано Коррадо, Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы директору Ли Жонгсу, Enactus Кыргызстан коомдук бирикмесинин директорлор кеңешинин төрагасы Арсланбек Кененбаев жана органикалык продукция өндүрүүчүлөрү катышты.
Долбоордун негизги максат дыйкан-фермерлерге окуу-семинарларды байма-бай уюштуруу менен өндүрүлгөн биокаражаттарды колдоо жана органикалык чарба жүргүзүү боюнча маалыматтарды берүү болуп саналат.
Бүгүнкү күндөн баштап ишке берилген лабораторияда мындан ары топурактын 5 көрсөткүчүн аныктоо боюнча анализдин жыйынтыгы чыгат, алар:
📌нитрат
📌топурактын pH
📌кыймылдуу фосфор бирикме курамы
📌кыймылдуу калий бирикме курамы
📌гумус курамын.
Ысык-Көл аймактык филиалынын оңдоп түзөөдөн өткөн имаратына, топурак анализин чыгарган жаңы лабораториясына Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана жаңы уюштурулган агрохаб окуу борборуна “Enactus Кыргызстан” коомдук бирикмеси тарабынан колдоо көрсөтүлгөн.

Связанный пост