Караколдо ооруканада өрт чыгып, бейтаптар эвакуацияланды

 Караколдо ооруканада өрт чыгып, бейтаптар эвакуацияланды
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын облустук оорукананын кардиология бөлүмүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борбору маалымдады.
Ооруканадагы өрттү өчүрүүгө саат 6:58де Каракол шаардык ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 7:40та толук өчүрүлгөн.
Кардиология бөлүмүндө жаткан 60 адам жана 4 медицина кызматкерлери эвакуацияланган. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Ал эми тилсиз жоо оорукананын 12 чарчы метр шыбын кучагына алган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Связанный пост