Караколдо милиция жана мугалимдер жазага тартылды
Караколдо милиция жана мугалимдер жазага тартылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат Каракол шаарындагы К.Мендегул уулу атындагы №7 орто мектебинин ата-энелер комитетинин өкүлү М.Д.Ц.нын мектептеги системалуу зомбулук боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуусу боюнча бир катар иликтөөлөрдү жүргүздү.
Иликтөөнүн жыйынтыгында өспүрүмдөр менен иштөөдөгү кемчиликтер жана тарбия иштеринин начардыгы үчүн УКМКнын токтомунун негизинде Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектор ээлеген кызматынан бошотулду.
Ал эми төмөнкүлөргө карата тартиптик чаралар көрүлдү: Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Б.Ч.Ч.га “сөгүш”, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Б.М.Т.га “катуу сөгүш”, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жашы жете электер боюнча ыкчам кызматкери К.А.К.га – “кызматтык милдеттерди толук аткарбоо боюнча”, Жыргалаң шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы М.А.К.га “сөгүш”, Каракол шаарынын социалдык блок боюнча вице-мэри А.Н.М.га “катуу сөгүш” берилди.
Мындан тышкары, К.Мендегул уулу атындагы №7 орто мектептин 11-классынын окуучулары Н.Б., К.И., А.А., 10-классынын окуучулары И.С., А.Ш., А.Б., Э.Д., Д.У., А.З., ошондой эле Ж.Баласагын атындагы КМЮА колледжинин студенти Н.Р. Ички иштер бөлүмүнүн атайын каттоосуна алынды.
Ошондой эле облустагы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаштарга руханий-тарбия берүү иштерин күчөтүү боюнча Агартуу министрлигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга комплекстүү тапшырмалар берилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.