Каракол тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы болуп өттү

Каракол тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Каракол тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезондун расмий ачылышына катышты.

Иш-чара коңшу өлкөлөрдөн жана алыскы аймактардан келген конокторду, ошондой эле кышкы эс алууну ышкыбоздорунун башын бириктирди.

Эмилбек Абдыкадыров өз сөзүндө кышкы туризм тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Связанный пост