Кара-Сууда 372 литр акциздик маркасы жок мотор майы аныкталды

 Кара-Сууда 372 литр акциздик маркасы жок мотор майы аныкталды

Салык кызматынын кызматкерлери Кара-Суу районунан 372 литр маркасы жок мотор майын аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык текшерүүнүн алкагында Шарк айылында жайгашкан “Г-О” унаа майларын алмаштыруу станциясына текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 67 935 сомду түзгөн, акциздик маркасы жок 372,8 литр мотор майы аныкталып, алынды.

Жогорудагы фактынын негизинде жеринде баштапкы документтер таризделди. Материалдар КР ченемдик укуктук актыларына ылайык юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Салык кызматы 2024-жылдын 1-октябрынан тартып мотор майлары, бензиндер, дизель майы, атайын жеңил жана орто дистилляттар милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш экенин эскертет.

Связанный пост