Кара-Суу темир жол бекетинин 242 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке алынды

 Кара-Суу темир жол бекетинин 242 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке алынды

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын Кара-Суу бекетиндеги 242 млн 50 миң сомго бааланган жер тилке мамлекеттик менчикке кабыл алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнө караштуу Кара-Суу бекетинин имараттары жайгашкан жана ага тийиштүү жалпы 10 443,5 м2 түзгөн жер тилкелерине бүгүнкү күнгө чейин укук аныктоочу жана укук тастыктоочу документтери жок, мамлекеттик менчикке алынбай келгендиги аныкталган.

 

Аталган мыйзам бузуучулуктарга карата “Кыргыз темир жолу” МИ Түштүк бөлүмүнүн башчысынын наамына ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө прокурордук акт келтирилип, аны кароонун жыйынтыгында 242 млн 50 миң сомго бааланган, жалпы аянты 10 443,5 м2 түзгөн жер тилке мамлекеттин менчигине каттоого алынды.

Связанный пост