Кара-Суу шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди
Бүгүн, Кара-Суу шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, Кара-Суу мамлекеттик администрация башчысы-аким Жакыпбек Субакожоев, Кара-Суу шаарынын мэри Арстанбек Жолдошов, айыл өкмөт башчылары жана мекеме иш-каналардын жетекчилери, ардагерлер, шаар тургундары катышты.
Иш-чарада Кыргызстандын түптөлүшүнө өзүнүн салымын кошкон тарыхый инсандардын эмгектери менен эрдиктери эскерилип, ата-бабалардын рухуна багыштап куран окулду.
Белгилей кетсек, 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет.