Кара-Кечеге жеке көмүр ташуучулардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди
“Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган социалдык көмүр кампаларында көмүрдүн тартыштыгы байкалууда. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында бир катар чаралар көрүлүүдө.
Бул багытта Кара-Кече кенине жеке көмүр ташуучулардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Мындай чара көмүр запасын өз убагында жана толук көлөмдө толуктоо, базардагы бааларды турукташтыруу жана калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык баада көмүр менен камсыз кылууга багытталган.
Ошол эле учурда “Кыргызкөмүр” ишканасы колдоону каалаган жана элге арзан көмүр жеткирүүгө салым кошууну көздөгөн жеке айдоочуларды өнөктөштүк негизинде иштөөгө чакырат.
Компания аймактардагы социалдык базаларга көмүр ташуу иштерин уюштурууга толук даяр. Социалдык базалар толук көмүр менен камсыз болгондон кийин, жеке ташуучулардын иши кадимки тартипте улантылат.