Кара-Кече кенинде күнүнө 5 миң тоннадан ашуун көмүр казылууда

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусунда жайгашкан Кара-Кече кенинде көмүр казуу, жүктөө иштери кандай жүргүзүлүп жатканын тууралуу таанышып келди.
Кара-Кече кенинде күнүнө 5 миң тоннадан ашуун көмүр казылып, 200дөй автоунаалар жүктөп, баардык аймактарга жеткирүү иштери тынымсыз жүргүзүүдө.
Министр Т.Ибраев Кара-Кече кенинин жетекчилигине калкка көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча тапшырма берди.
Мындан тышкары министр Нарын электр тармактар ишканасынын жаңы «Дөң- Алыш» көмөк чордонунун курулуш иштерин да көрүп келди. Азыркы учурда курулуш иштери башталып, жабдыктар орнотулуп жатат. Жаңы 40 мамычалар орнотулуп, 60 мамычанын орду даярдалды.
Ошондой эле энергетика министри Таалайбек Ибраев Балыкчы шаарында жайгашкан көмүр базасына барып, көмүр ташып келүү жана жеткирүү иштери менен таанышты.

Связанный пост