Каныбек Туманбаев: Жеке менчик автомектептер акча алып, бирок билим беришпейт

 Каныбек Туманбаев: Жеке менчик автомектептер акча алып, бирок билим беришпейт

Жеке менчик автомектептер акча алып, бирок сапаттуу билим беришпейт, – деди президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев түз эфир учурунда.

Анын айтымында, көптөгөн жеке менчик автомектептер Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери менен келишим түзүп алып, коррупциялык схемалар боюнча иштейт.

“Бул автомектептер акча берип, экзамен тапшырууга уруксат алышат. Бирок окуучулардын билими жок. Кыргызстандыктарды бардык реформалар жол кырсыктарын жана адамдардын өлүмүн кыскартууга гана багытталган деп ишендиргим келет. Сапаттуу окутуу гана айдоочуларга оор кырдаалда сабаттуу аракеттенүүгө жардам берет”, – деп баса белгиледи Туманбаев.

Ал белгилегендей, мамлекет айдоочуларды окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн бардык шарттарды түзөт. Атап айтканда, сабактарга катыша албагандарга — мисалы, декреттик өргүүдөгү аялдарга же алыскы райондордо жашаган жарандарга онлайн окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Практикалык сабактар болочок айдоочулар унааны бардык мезгилдерде башкаруу тажрыйбасын ала алышы үчүн жайында да, кышында да өткөрүлөт. Окуу программасы даяр. Биз аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү айдоочуларды даярдайбыз”, — деп кошумчалады ал.

Соңунда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Кыргызстан аймактагы өлкөлөрдүн арасында жол кырсыктарынын саны жана жолдо каза болгондор боюнча 1-орунда турарын белгиледи.

“Бул абдан кейиштүү көрсөткүч, муну жоюу керек. Адам өмүрү — баарынан кымбат. Биздин максат — кырсыктарды азайтуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу”, — деп сөзүн жыйынтыктады Туманбаев.

Связанный пост