Камчыбек Ташиев: Чек ара маселесинин чечилиши мамлекетибиздин чоң жеңиши болду

 Камчыбек Ташиев: Чек ара маселесинин чечилиши мамлекетибиздин чоң жеңиши болду

Чек ара маселесинин чечилиши мамлекетибиздин чоң жеңиши болду. Мындай пикирин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

“Президентибиз башында туруп, чек ара маселесин чечсе, сиздер добуш берип, мыйзамдаштырып, ратификациядан өткөрүп жатасыздар. Бул Кыргыз мамлекетибиздин чоң жеңиши болду. Мындан ары тынчтык болуп, ар бир күчүбүздү, энергиябызды, акылыбызды, билимибизди биргеликте, ынтымактыкта мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө жумшашыбызга ар бирибиз аракет кылышыбыз керек. Чынында бул чечимди алып келиш, ушул чечимге келиш өтө кыйын болду. Конфликттер, уруш-талаш болду. Кайгыларды башыбыздан өткөрдүк, бирок ошолорду жеңип өтүп, кайрадан душманың менен бир столдо отуруп, ошол маселени тынчтык, достук жолу менен чечиш өтө оор болду. Ушуга биз сиздер менен кошо жетиштик.

Президент Садыр Нургожоевич төрт жыл мурда айтты эле, “биз чек араны маселесин бүтүрүшүбүз керек”, деп мен ошондо ушул маселени чече албайт окшоймун, башка адамды коюңуз десем, “жок, өзүңүз чечесиз, экөөбүздүн гана мүмкүнчүлүгүбүз бар”, деп мени алдыга сүрөп отуруп, акыры маселени чечүүгө жетиштик. Мен өмүрүмдөгү мамлекеттик эң маанилүү маселени чечүү үчүн башында туруп, аны чечип бердик. Президент бүгүн чакырып туруп, отставкага кетирсе да ыраазы болуп кетем”, – деди УКМК төрагасы.

Белгилей кетсек, бүгүн “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште дароо үч окууда кабыл алынып, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим ратификацияланды.

Связанный пост