Каирде Кыргызстан менен Египеттин президенттери расмий жолукту

Бүгүн, 4-ноябрда Каир шаарындагы «Аль-Иттихадия» президенттик сарайында президент Садыр Жапаровдун Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи өттү.

Президент Садыр Жапаровду Египеттин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси тосуп алды.

Саламдашуудан кийин Ардактуу кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардактуу кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди.

Андан соң салтанаттын жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий таанышуусу жана сүрөткө түшүү аземи болду.

Салтанат аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүү залына бет алышты.

Связанный пост