Көл астынан 6400 метр балык уулоочу тор чыгарылды

 Көл астынан 6400 метр балык уулоочу тор чыгарылды
12-марттан тарта ӨКМдин суучулдары тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринен 6400 метр балык уулоочу тор жана желим бөтөлкө, целлофан баштыкчаларынан турган 2505 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борборунан билдиришти.
Түп, Жети-Өгүз району жана Каракол шаарынын аймагындагы көлдүн тилкелерин камтыган жалпы 24 215гектар 76 сотых аянт тазаланды. Учурда көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан арылтуу иши Түп районунун Күрмөнтү айылындагы тилкеде уланууда.
Белгилей кетсек Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоо иши Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде ишке ашууда.

Связанный пост