Көк бөрү оюну боюнча Президенттин кубогу жыйынтыкталды

31-август – көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна арналган турнирдин финалдык оюндары жыйынтыкталды.
Кубок үчүн “Шахтёр” жана “Ак-Илбирс” командалары күч сынашты. Биринчи бөлүктө “Ак-Илбирс” 2 салым салып үстөмүк кылса, экинчи бөлүктө 2 салым жаратып “Шахтёр” командасы эсепти теңеп кетти. Оюндун үчүнчү бөлүгү 3:3 эсеби менен аяктап, алтын салым үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Бакытбек уулу Кутман алтын салымды салып, “Ак-Илбирске” жеңиш алып келди.
Ошону менен 1-орунду “Ак-Илбирс”, 2-орунду “Шахтёр” жана 3-орунду “Ысык-Ата” командасы ээледи.

Связанный пост