Күйүүчү май менен камсыздоо: Минкаб субсидияларды берүүнү чечти

 Күйүүчү май менен камсыздоо: Минкаб субсидияларды берүүнү чечти

Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъекттерге субсидиялар берилет. Бул максатта министрлер кабинети экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн токтом чыгарды.

Документте белгиленгендей, Турксиб жана Сары-Агач темир жол станцияларынын жеткирүү базисинде импорттолгон күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуунун белгиленген баалары аныкталды.

  • Аи-92 маркасы – бир тонна үчүн 860 АКШ доллары;
  • Аи-95 маркасы – бир тонна үчүн 940 АКШ доллары;
  • дизель отуну, бир тонна үчүн 950 АКШ доллары;
  • суюлтулган көмүр суутек газы, бир тонна үчүн 575 АКШ доллары.

Маалымдалгандай, субсидиялар 25-майдан тартып 30-сентябрга чейин берилет. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет.

Мындан тышкары, Кыргызстанга мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу сентябрдын аягына чейин алынды.

Бул токтом бүгүндөн тартып күчүнө кирди.

Связанный пост