Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ипотекалык үйлөрдү курууга $79 млн бөлөт

 Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ипотекалык үйлөрдү курууга $79 млн бөлөт

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоору боюнча Алкактык макулдашууну (бөлүп төлөө менен каржылоо), Кредиттик макулдашууну (1-кадам алдын ала ишке ашыруу), Кредиттик макулдашууну (2-кадам ишке ашыруу), Агенттик макулдашууну (бөлүп төлөө менен каржылоо) ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Жогоруда белгиленген макулдашуулар “Менин үйүм 2021-2026” КР мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган Кыргызстандын жарандары үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча ипотекалык продуктуларды берүү жана турак жай куруу үчүн 79 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоону тартуу каралган.

 

Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосун Финансы министрлиги аркылуу Кыргызстан алат, КР Экономика жана коммерция министрлиги аткаруучу агенттик, ал эми долбоорду ишке ашыруучу уюму “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК болот.

 

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп саналат, жер участоктору менен камсыз кылынат жана андан ары сатып алуу менен ижарага берүү үчүн өлкөнүн бардык региондорунда жеткиликтүү турак жайдын курулушун, ошондой эле аталган Программанын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча ипотека берүүнү каржылайт.

Связанный пост