Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Жаз – табияттын тең салмактуулугунун туу чокусу жана боорукердиктин, үндөштүктүн башаты. Жаңы жылда эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерде жана элдерибиздин күнүмдүк турмушунда эң сонун өзгөрүүлөргө күбө болобуз деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Масуд Пезешкиан Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.