ИИМдин 3 кызматкери одоно жүрүм-туруму үчүн иштен алынды
Ички иштер министрлиги одоно мыйзам бузуулар үчүн 3 кызматкерин иштен алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Белгиленгендей, буга социалдык тармактарда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин одоно жүрүм-туруму тууралуу маалыматтар түрткү болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкерлер оозго алгыс сөздөрдү колдонгону жана концертке тоскоолдуксуз кирүүгө аракет кылганы аныкталды.
Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында милициянын улук лейтенанты М.Б. жана милициянын капитаны М.К. ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Мындан тышкары, буга чейин мас абалында унаа башкарган милиция кызматкери кармалган. Текшерүүдө анын ичимдик ичкени тастыкталып, протокол түзүлгөн соң, старшина М.у.К. ички иштер органдарынан бошотулду.