ИИМ чет элдиктердин арасынан жүздөгөн мыйзам бузууларды аныктады
2025-жылдын ноябрынан декабрына чейин ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан республика аймагында миграциялык мыйзам бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган “Чет өлкөлүк жаран” атайын профилактикалык иш-чарасы өткөрүлгөн.
Мекеменин маалыматы боюнча, иш-чаралардын жүрүшүндө КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренеси (Чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруунун же транзит менен өтүүнүн эрежелерин бузуу) боюнча жалпы суммасы 300 миң сомдон ашык протоколдор түзүлгөн.
Ошондой эле ишкердик жана башка ишмердүүлүк объекттери, анын ичинде кафе жана ресторандар, тигүү цехтери, автосалондор, курулуш объектилери, турак жайлар жана чет өлкөлүк жарандардын убактылуу жашаган жерлери текшерилди.