Ичүүчү сууга тариф кандай аныкталат?
Ичүүчү сууга тариф калкты үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо, инфраструктураны тейлөө жана оңдоо үчүн зарыл болгон чыгымдардын негизинде түзүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматына караганда, тарифти эсептөөдө электр энергиясына, материалдарга жана химиялык реагенттерге кеткен чыгымдар, жабдуулардын амортизациясы, оңдоо жана техникалык тейлөө, кызматкерлердин эмгек акысы жана башка төлөмдөр эске алынат.
Ичүүчү сууга тарифтер министрлер кабинетинин №320 токтому менен бекитилген методикага ылайык эсептелет. Алар мамлекеттик көзөмөлдө болуп, адегенде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашылат, андан кийин жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
Министрлик тариф аркылуу суу түтүктөрү менен насостордун иштешин камсыз кылуу, аварияларды өз убагында жоюу жана суунун сапатын көзөмөлдөө боюнча чыгымдар жабыларын белгиледи.