Финансы министрлиги ишкерлерге 8,5 млрд сомдон ашык пайызсыз насыя берди

Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге 8 млрд 531 млн сом пайызсыз насыя берилди.
Ведомствонун маалыматына караганда, насыя Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында берилүүдө.
Долбоор 2022-жылдын сентябрь айында ишке киргенден баштап бүгүнкү күнгө чейин, тагыраагы 2025-жылдын 1-январына карата пайысыз насыялардын суммасы 8 млрд 531 млн 885 миң 18 сомду түздү. Аны 11 миң 307 ишкер алган.
- 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 521 ишкерге 5 млрд 636 млн 425 миң 918 сом берилген.
- 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 миң 786 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 895 млн 459 миң 100 сомду түзгөн.
Долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.
Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:
- 1-категория – КР салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.
- 2-категория – КР салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.
Айыл чарбасы каржыланбайт.
Насыя кыргыз сому менен пайызсыз берилет:
- финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин;
- жеңилдетилген мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү: 3 айга чейин.
Каржылык жардамдын суммасы:
- 1-категория үчүн – 1 млн сомго чейин;
- 2-категория үчүн – 3 млн сомго чейин.
Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.