Фермерлер жеңилдетилген насыя менен асыл тукум мал сатып алууда
Кыргызстанда фермерлер мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана асыл тукум малдын санын көбөйтүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя ала алышат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Жалал-Абад облусунун фермери Амирбек Атакулов “Кыргыз Агрохолдинг” ААКтын “Элита” мал чарба филиалынан абердин-ангус породасындагы асыл тукум малдарды сатып алды.
Фермердин айтымында, насыя алуу үчүн банкка кайрылып, үйүн күрөөгө койгон. Анын белгилешинче, насыя алуу процессинде кыйынчылык болгон эмес.
Асыл тукум мал сатып алууга берилүүчү насыянын үстөк чени 3 пайызды түзүп, 5 жылга чейин берилет. Ошондой эле 12 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган.
500 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз берилсе, 500 миң сомдон 20 млн сомго чейинки насыя күрөө менен берилет. Насыя банк тарабынан жактырылгандан кийин фермер “Кыргыз Агрохолдинг” ААК менен келишим түзүп, “Элита” мал чарба филиалынан асыл тукум малдарды тандап сатып ала алат.
Бул механизм мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө жана өлкөдө эт өндүрүшүн жогорулатууга багытталган.