Евробиримдиктин эксперттери Кыргызстандын авиациядагы прогрессин белгилешти
Евробиримдиктин эксперттери жарандык авиация чөйрөсүндөгү олуттуу прогрессти белгилешти. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2006-жылдан бери биринчи жолу Евробиримдиктин эксперттери Кыргызстанга “кара тизме” маселеси боюнча келишти. 10-марттан 13-мартка чейин Андрей Карнелиу Филипоу жетектеген Европалык авиация коопсуздук агенттигинин (EASA) жана Европа Бирлигинин Транспорт жана мобилдүүлүк боюнча башкы директоратынын (DG Move) эксперттери Бишкекте жүрдү. Бул сапардын максаты Кыргызстандын Евробиримдиктин коопсуздук тизмесинен чыгуусуна карай маанилүү кадам болуп саналат.
Делегациянын курамына ошондой эле EASA инспектору Хасинто Лопес жана EASA эксперттери Антонио Пелаез жана Густаво Барба кирди.
Сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Андрей Карнелиу Филипоу жолугушту. Тараптар жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана Кыргыз Республикасын Европа Биримдигинин коопсуздук тизмесинен (ЕБ “кара тизмеси”) чыгаруу маселеси боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Ошондой эле Данияр Бостонов башында турган Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги менен делегациянын жолугушуусу уюштурулду. Улуттук авиациялык жөнгө салуучу органдын төмөнкү негизги багыттары боюнча иши европалык эксперттерге сунушталды:
PEL – авиациялык персоналды тастыктамалоо,
OPS – учуу эксплуатациясы,
SMS – учуу коопсуздугун башкаруу системасы,
AIR – учуу жарактуулугу,
QМS – сапатты башкаруу системасы,
LEG – мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар,
ORG – уюштуруу түзүмү.
Иш сапардын жыйынтыгында Евробиримдиктин эксперттери жарандык авиация чөйрөсүндөгү олуттуу прогрессти, Кыргызстандын жарандык авиациясынын ишин жакшыртуу, сапатты көзөмөлдөөнү жакшыртуу, ошондой эле жарандык авиация чөйрөсүндөгү улуттук жөнгө салуучу орган тарабынан жөнгө салуу жана контролдоо боюнча оң динамикаларды белгилешти.