Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Документтердин тизмеси:
“Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө 2025-жылга карата жылдык баяндамасы жөнүндө” тескеме;
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлар менен электрондук соода кылуу жөнүндө макулдашуу;
Евразия экономикалык биримдигине мүчө бир мамлекеттин брокерлеринин жана дилерлеринин мүчө башка мамлекеттердин биржаларындагы (соода уюштуруучуларындагы) уюштурулган соодага катышуусуна жол берүү жөнүндө макулдашуу;
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин чегинде окумуштуулук наамдарды ырастаган документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
“Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлоруна жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата жөнгө салуучулук таасирди баалоо жол-жоболорун жүргүзүүгө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле 2024–2025-жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын кабыл алынган чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын отчету жөнүндө” тескеме;
“Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын убактысы жана өткөрүлүүчү жери жөнүндө” тескеме.