Эт кластерин өнүктүрүү: Фермерлерге 1,5 млрд сом насыя берилет

 Эт кластерин өнүктүрүү: Фермерлерге 1,5 млрд сом насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Чүй облусунда жана Бишкекте эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду баштады.

Ведомстводон маалымдашкандай, долбоор малды семиртүүдөн тартып, кайра иштетүү жана сатууга чейинки толук чынжырды камтыйт. Фермерлерге жылдык 3 пайыз менен 60 айга чейин (12 ай жеңилдик мөөнөтү менен) жеңилдетилген насыя берилет.

Жалпы каржылоо — 1,5 млрд сом. Долбоор “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” аркылуу ишке ашырылат.

Кенен маалымат алуу үчүн +996 708 320 820 телефон номерине кайрылыңыз.

Связанный пост