Эртең депутаттыкка талапкерлердин арыздарын кабыл алуу аяктайт
Эртең, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлерден арыздарды кабыл алуу аяктайт.
Боршайкомдон маалымдашкандай, 30-октябрда саат 18:00гө чейин арыздар кабыл алынат.
28-октябрга карата талапкерлерден түшкөн арыздардын саны 531ди түздү.
Эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген.
Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492, чет өлкөлөрдө жалпы 91 шайлоо тилкеси түзүлдү.