Эрлист Акунбеков “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушунун жүрүшү менен жеринде таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” эл аралык темир жолун куруу маселелерине байланышкан жыйын өткөрдү.
Көчмө жыйында негизинен Жалал-Абад облусу аркылуу өтө турган темир жолдун жеринде отурукташкан жергиликтүү жарандардын турак жай ээлерине кенемте төлөө жана участок маселелери талкууланып, соңунда протоколдук тапшырмалар берилди. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” биргелешкен компаниянын өкүлдөрү катышты.
Андан соң МинКаб Төрагасынын орун басары темир жолдогу Жалал-Абад туннелинин курулуш иштери жүрүп жаткан объектке барды. Иштин жүрүшү менен таанышкан Эрлист Акунбеков, бул темир жол – жөн гана транспорттук коридор эмес, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө экенин белгилеп, курулуп жаткан темир жол – биримдиктин, прогресстин жана келечекке болгон ишенимдин символу болоорун кошумчалады.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагындагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол долбоорунун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашуун аралыкты камтып, курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт.
Өлкөдөгү стратегиялык жана экономикалык мааниге ээ болгон темир жолдун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Анткени долбоордун алкагында жалпы узундугу болжолдуу 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрөнүн жана 29 туннелдин курулушу каралган. Бул жалпы темир жолдун 40%зы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн тургандыгын билдирет.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 27-декабрында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына старт берилип, анда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Кытайдын Төрагасы Си Цзинпин, Өзбекстандын Ррезиденти Шавкат Мирзиёев долбоордун старт берилишине байланыштуу кайрылуу жасашып, бул долбоордун маанилүүлүгүнө токтолушкан.