Энергетика министрлиги кытайлык CNEEC компаниясы менен энергетика жаатында кызматташат

 Энергетика министрлиги кытайлык CNEEC компаниясы менен энергетика жаатында кызматташат
Энергетика министрлиги кытайлык CNEEC компаниясы менен энергетика жаатында кызматташат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы маалымдады.
2024-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен кытайлык China National Electric Engineering Co.Ltd. (CNEEC) компаниясы ортосунда энергетика жаатында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.
Меморандумдун негизги максаты – Суусасыр-Көкөмерен ГЭСинин каскады менен Кара-Кече жылуулук станциясынын курулуш иштерине багытталган.
Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады жалпы үч гидроэлектро станциядан турат. Жалпы кубаттуулугу 1305 МВт. Бир жыл ичинде болжолду 3,3 млрд киловат-саат өндүрүлөт.
– Каракөл ГЭС – 33 МВт
– Көкөмерен ГЭС-1 – 360 МВт
– Көкөмерен ГЭС-2 – 912 МВт
Ал эми жалпы 600 МВт кубаттуулугу бар Кара-Кече жылуулук станциясы Нарын облусунун Жумгал районуна курулат.
Меморандумга Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен CNEEC компаниясынын вице-президенти Цзин Хуей кол коюшту.
China National Electric Engineering Co.Ltd. (CNEEC) – компаниясы күн, шамал, гидро станцияларын куруу жаатында жетиштүү тажрыйбага ээ. Компания алгач ишмердүүлүгүн баштаганда 1000 адам эмгектенип, бүгүнкү күндө кызматкердин саны 5000ге жеткен.
Документтерге кол коюга кытай тараптан 5-инженердик департаментинин башкы директору Чжао Яо, Джинг Джинг ж.б катышты.
Ал эми Кыргызстан тараптан энергетика министринин биринчи орун басары Н.Ж.Усенова жана “Курулуп жаткан электр станциялары” ААКнын башкы директору Т.М.Толубаев кол коюга катышты.

Связанный пост