Энергетика министрлиги: Бишкек ЖЭБде кубаттуулук көбөйтүлдү

 Энергетика министрлиги: Бишкек ЖЭБде кубаттуулук көбөйтүлдү

Бүгүн, 20-февраль саат 15:00гө карата Бишкек шаардык Жылуулук электр борбору 300 МВт жүктөмдү активдүү көтөрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сырттагы абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу Бишкек ЖЭБинин активдүү кубаттуулугу “Бишкекжылуулуктармагына” берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +60 градусту түзүүдө.

“Бүгүнкү күндөн тарта ЖЭБдин жүктөмдүн активдүүгү акырындык менен жогорулайт. Натыйжада берилген ысык суунун температурасы дагы жогорулайт”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост