Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында балдардын сөөк чучугун трансплантациялоону киргизүү пландалууда

 Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында балдардын сөөк чучугун трансплантациялоону киргизүү пландалууда

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барышты.

Иш сапардын жүрүшүндө борбордун жетекчилиги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында балдардын сөөк чучугун транчплантациялоо операцияларын киргизүү тууралуу маалымат берди.

Онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков Кыргызстанда акыркы жылдары илдеттин көбөйүп жатканын, бирок ал бул оорунун нагыз көбөйүшүнө байланышы жок экенин билдирип, мунун себебин диагностиканын жакшырышы жана статистиканын өркүндөтүлүшү менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө илдетти аныктоо 50%га өсүп, жылына 120дан 180ге чейин жеткен. Кыргызстанда жыл сайын 50-60ка чейин бала сөөк чучугун трансплантациялоого муктаж (бул нозологиялар: онкогематология, онкология, гематология, тубаса иммуножетишсиздиктер, ар кандай тубаса генетикалык патологиялар). Бул топтун ичинен 20 бала аутотрансплантацияга, 40 бала аллогендик трансплантацияга муктаж. Чет өлкөдө (Түркияда, Россияда) аллогендик трансплантациянын баасы 100 миң АКШ долларына чейин жетет. Борбор алгач аутотрансплантацияларды уюштуруп, өркүндөтүлгөндөн кийин сөөк чучугунун аллогендик трансплантациясына өтүүнү пландаштырууда.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, алгачкы этапта аутологиялык трансплантациялоо операцияларын киргизүү үчүн афферездик аппаратты жана азот үчүн криоцилиндрлерди сатып алуу зарыл. Учурда түркиялык өнөктөштөр менен керектүү медициналык жабдыктарды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана буга катар эле жакынкы аралыкта кыргызстандык адистерди сөөк чучугун трансплантациялоо боюнча окуудан өтүү үчүн Түркияга жөнөтүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Алымкадыр Бейшеналиев өлкө президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанда балдардын онкогематологиясы жана трансплантология кызматын өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Связанный пост