Эмилбек Абдыкадыров: Каракол ат майданын реконструкциялоо зарыл
Каракол ат майданынын келечеги талкууланды
Бүгүн, 12-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров саяпкерлер, көк бөрүүчүлөр жана жылкы менен алек болгон жарандар менен жолугушуп, Каракол шаарынын ипподромду өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.
Облус жетекчиси ипподромдун азыркы абалына тынчсыздануусун билдирип, аны реконструкциялоонун зарылдыгын белгиледи.
«Ипподром бир гана мелдеш өткөрүүчү жай эмес, туристтерди тартуучу жана аймактык туризмди өнүктүрүүгө салым кошкон маданий эс алуу борбору болушу абзел», – деп белгиледи ыйгарым укуктуу өкүл.
Жыйында саяпкерлер өз пикирлерин билдирип сунуштарды айтышты.